Месси карьерасын АКШда улантат

Аргентиналык футболчу Лионель Месси карьерасын америкалык «Интер Майами» клубунда улантат. Бул тууралуу ал өзү Mundo Deportivo басылмасына билдирген.

Буга чейин анын франциялык «Пари Сен-Жермен» клубунан кеткени маалымдалган болчу. Аталган клубга ал 17 жыл ойногон «Барселонадан» кеткенден кийин 2021-жылы өткөн эле.

«Интер Майами» клубу Дэвид Бекхэм башкарган инвесторлордун тобуна тиешелүү.