Месси менен Роналду кайрадан футбол талаасында беттешиши мүмкүн

Лионель Месси менен Криштиану Роналду кайрадан футбол талаасында жолугушу мүмкүн.

Аргентиналык оюнчу ойногон «Интер Майами» португалиялык футболчу ойногон «Аль-Наср» менен жолдоштук беттеш өткөрөрүн расмий жарыялады.

Беттеш 1-февралда Эр-Риядда (Сауд Арабиясы) айлампалуу турнирдин алкагында өтүп, анда Неймар ойногон “Аль-Хилал” да оюн көрсөтөт.

Акыркы жолу Месси менен Роналду ушул жылдын 19-январында ПСЖ менен «Аль-Наср» жана «Аль-Хилал» оюнчуларынан куралган улуттук курама команданын ортосундагы жолдоштук оюнда беттешкен. Анда ПСЖ 4:3 эсебинде жеңишке жеткен.