«Месси, Месси!» Роналду Сауд Арабиядагы күйөрмандарынын күтүүсүз реакциясына туш болду (видео)

Сауд Арабиянын күйөрмандары өлкөнүн Суперкубогунун плей-офф беттешинде Криштиану Роналдуну адаттан тыш кыйкырык менен тосушту. Бул тууралу Tengri Sport жазды. 

Роналду ойногон “Аль-Наср” клубу беттеште 1:3 эсебинде утулуп, күйөрмандар Криштианунун аргентиналык атаандашы – Лионель Мессинин атын кыйкырып жатышты.

«Жакынкы Чыгышка чоң акчага көчүп баргандан бери падышадай мамиле жасалган Роналдуну атаандашы Мессинин атын кыйкырып тосуп алышты», — деп жазды Goal.