MUHAMET MALO мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.
Эркин күрөш боюнча:
Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) — алтын медаль;
Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) — күмүш медаль;
Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) — коло медаль.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортсмендин бардыгы медаль тагынышты:
Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;
Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;
Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) — күмүш медаль;
Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) — коло медаль.
Грек-рим күрөшү боюнча:
Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) — коло медаль;
Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) — коло медаль.