MUHAMET MALO рейтингдик турниринин соңку күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 8 кыргызстандык балбан күч сынашат

1-мартта Албаниянын Тирана шаарында эл аралык рейтингдик Muhamet Malo турнири аяктайт. Соңку мелдеш күнүндө медалдар үчүн грек-рим күрөшү боюнча балбандар ат салышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдештер 55, 60, 72, 82, 97 жана 130 кг салмак категорияларында өтөт.

Кыргызстандын атынан төмөнкү спортсмендер килемге чыгат:
• 55 кг чейин — Улан Муратбек уулу;
• 60 кг чейин — Курманбек Жапаров;
• 72 кг чейин — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев;
• 82 кг чейин — Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;

• 97 кг чейин — Узур Жусупбеков, Мелис Айтбеков.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.