Кыргызстандын желегин желбирете албай калган Дүйнө чемпионунун айыптоосуна федерация жооп кайтарды

Азиянын армрестлинг федерациясынын президенти Жээнбек Мукамбетов спортчу Кристина Болдыреванын ага карата айткан айыптоосуна жооп кайтарды. Федерация жетекчиси аны мелдештен четтетүү өтүнүчү менен кайрылбаганын белгиледи.

«Мен дүйнөлүк армрестлинг федерациясында экинчи орунда турган адаммын. Мен ага желек берип жүрүшүм керекпи? Желек көтөрүүчү эмесмин. Кристина чындап эле күчтүү спортчу. Бирок Кристинанын жарандыгы боюнча нааразычылыкты мен эмес, орустар билдирген. Эми ал баарын тескери айтып койду», — деди Мукамбетов.

Кристина Болдырева буга чейин сыйлык тапшыруу аземинде желек желбирете албай калган, анткени өлкөнүн желегин берчү өкүлдү таппай калганын айткан эле.