Мунарбек Сейитбек уулу Дүйнө чемпионатында күмүш медальдын ээси болду

Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.

Сейитбек уулу биринчи беттешинде польшалык спортчу Павел Брахты 5:0 эсебинде жеңип, жарым финалда англиялык мушкер Уильямс Хьюиттен реванш алган.

20-ноябрда финалда кыргызстандык индиялык Сачин Сивач менен беттешип, ага жеңилип, күмүш байгеге ээ болгон.