Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” орденин колуна алды

Бүгүн, 21-январда маданият министри Алтынбек Максутов Улуттук курама командалардын спортчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи.

Сиздердин жетишкендиктериңиздер — бул күч-аракеттин гана жыйынтыгы эмес, бүтүндөй өлкө үчүн сыймыктын белгиси. Сиздер профессионализм, тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз”, — деди министр.

Сыйлыктарга ээ болгондор:

1. III даражадагы “Манас” ордени:

2. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамоталары”:

  • Айболот Аманов, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.
  • Бахтияр Мирлан уулу, түрк күрөшү (ашырмалы аба күрөш) боюнча курама команданын мүчөсү.