Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын жеңди

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынын күмүш медалын жеңди.

Кыргызстандык спортчу беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, 1-августка караган түнү кубалык Сайдель Хортаны утуп, чейрек финалга чыккан. Сейитбек уулу 4-августка караган түнү АКШлык Жамал Харви менен беттешип, кайрадан жеңишке жеткен.

9-августка караган түнү анын атаандашы болгариялык Хавьер Ибанес Диас болду. Үч раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен жеңишти кыргызстандыкка беришти. Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарынын финалына чыккан. Финалда анын атаандашы өзбекстандык мушкер болду.