Париж-2024 Олимпиадасынын бокс боюнча күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу «Бир туугандык жеңиш» аталышындагы толук метраждуу фильм тартылат. Анын синопсисине сынак жарыяланды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынан билдиришти.
«Кыргызстандын атынан 2024-жылы Олимпиадага бокс багыты боюнча жолдомо алган кыргызстандык жалгыз мушкер, эң жеңил салмак категориясы боюнча Олимпиада оюндарында күмүш байгесинин ээси — Мунарбек Сейитбек уулунун жеңиши тууралуу хронометражы 90 мүнөттүк толук метраждуу көркөм тасмасынын синопсиси үчүн сынак жарыялайт», — деп жазылат маалыматта.
Тасма Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын биргелешип тарта туруучу алгачкы кинодолбоор. Мындан улам синопсис сынагынын жеңүүчүсү үч тараптын өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен аныкталат.