Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаев: «10 жыл жатаканада жашаганым чын»

Учурда боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин жатаканада жашаганы айтылып, үй бөлүп берүүнү суранып жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Беганас Султанбаевдин өзү менен байланышты.

«Азыр жатаканада жашабайм, бирок 10 жыл үй-бүлөм менен жатаканада жашап келгеним чын. 4 жылдан бери Ош шаарынын четиндеги жер үйдө жашап жатабыз, бирок кышында шаар ичинен батир ижарага алып кыштайбыз. 3 уулум, 1 кызым бар. Мунарбек медаль алып келсе, мени да карашат деген үмүтүм бар. Машыктыруучу катары мен жөнүндө жаман сүйлөп жаткандарга айтарым, мен көргөн кыйынчылыкты эч ким көргөн жок. Мунарбек өзү келсе, кайрылуу жасайт деп ойлойм», — деди ал.