Мунарбек Сейитбек уулунун сүйүктүүсүнүн колун сураган видеосу тарады

Соцтармакта Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун сүйүктүүсүнүн колун сураган видео тарады.

SuperTV’га боксчунун ата-энеси берген маекте «Уулубуз 24-августта үйлөнөт. Ошол күнү келинди алып келебиз деп турабыз. Келин Ноокен районунан. Алдына барып келдик. Алар да жакшы кабыл алышты. Сөйкө салып койдук. Калың да берип койгонбуз. Келиши эле калды» дешкен.