Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучу азыркы жана 8 жыл мурунку Кыргызстанды салыштырды

Олимпиадада кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов SUPERTV’га маек берди.

Ал Кыргызстанга 7-8-жыл мурда келгенин айтып, азыркы менен салыштырды.

«Кыргызстан элин, президентин ушул жеңиши менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Мен Бишкекке 7-8 жыл мурда келгем. Азыр келип абдан таңкалдым. Шаар өнүгүп, кооз жайлар көбөйүптүр. Эгемендүүлүгү тубөлүктүү болсун. Калкы ар тармакта эң күчтүүсү болсун. Биз ар дайым жардамга даярбыз. Бизге келгиле, биз силерге келели. Бирге бололу. Достугубуз түбөлүк болсун. Ар дайым ден соолукта болгула. Рахмат сиздерге», — деди ал маекти жыйынтыктап жатып.