Мунарбектин апасы: «Кызга сөйкө салып койгонбуз. Уулум 10 күндөн кийин үйлөнөт»

Бул жолу «Бейишим — ата-энем» берүүбүздүн каармандары Париж олимпиадасында күмүш медаль утуп келген Мунарбек Сейитбек уулунун ата-энеси. “Уулум финалдык беттешке чыгар алдында анын жалгыз турган видеосун көрүп жүрөгүбүз ооруду. Алтургай уулумдун беттешин соңуна чейин көрө албайбыз” дейт мушкердин ата-энеси.

«Мунарбек уулум 24-августта үйлөнөт. Ошол күнү келинди алып келебиз деп турабыз. Келин Ноокен районунан. Алдына барып келдик. Алар да жакшы кабыл алышты», — деди атасы.

«Олимпиадага кетип жатканда сөйкө салып коелу деди. Сөйкө салып койдук. Ал кеткен соң, күндү белгиледик. Калың да берип койгонбуз. Келиши эле калды. Азырынча Ошто эле болот», — деди апасы.