Бүгүн, 15-декабрь күнү борбор калаада жайгашкан Кыргыз футбол биримдигинин спорт комплексинде «Мурас» достук мелдешинин чейрек, жарым финалдык жана финалдык оюндары болуп өттү.
Бүгүн орун алган турнирдин көңүл жубатуучу финалында — 3-орун үчүн беттеште «Ыйман» командасы «Жогорку Кеңешти» 7-1 эсеби менен ишеничтүү түрдө жеңип чыкты. Ал эми, финалдык беттеште «Президенттин командасы» «Достук» менен кез келип, 6-4 эсеп саны менен жеңди.
Финалдык беттештен кийин дароо командаларды сыйлоо аземи орун алып, сыйлыктарды президент Садыр Жапаров өз ээлерине тапшырды.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
Турнирдин байге фонду 1 миллион сомду түзүп, ал алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар арасында төмөндөгүдөй ирээтте бөлүштүрүлдү:
— 1 орун – 400 миң сом;
— 2 орун – 300 миң сом;
— 3 орун – 200 миң сом;
— 4 орун – 100 миң сом.
Ал эми жеке номинациялардын ар бир ээси 50 000 сом сыйлыкка ээ болду.