«Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча «Мурас» достук турниринин биринчи күнү аяктады. Бүгүн, 27-майда, 16 команданын ичинен чейрек финалга чыгуу үчүн группалар арасындагы оюндар өттү.

Группалык этаптын жыйынтыгы боюнча чейрек финалга төмөнкү командалар чыгышты:
«Президенттин командасы» – «Спорт Жылдыздары»;
«Коопсуздук» – «Ыйман»;
«Спорттук Федерациялар» – «Достук»;

«Өнөр» – «Ден-Соолук».

Эртең, 28-майда «Газпром- балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.