«Мурас» футболдук турнирине депутаттар да катышууда

Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарында футбол боюнча салтка айланган «Мурас» достук турнири башталды. Ар кайсы тармактын өкүлдөрү күч сынашкан мелдешке Жогорку Кеңештин командасы да катышууда.

Турнирдин ачылышында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров иш-чаранын максаты кыргызстандыктарды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.
Турнирде 16 команда оюн көрсөтөт. Эртең, 28-майда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.