«Мурас» мелдеши: Садыр Жапаровдун командасы «Журналисттер», «Көзөмөл» жана «Аймактарды» утуп алды

Бүгүн, 14-декабрда Бишкекте башталган футбол боюнча «Мурас» салттуу достук мелдеши президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө.

«Президенттин командасы» курамы «Журналисттер», «Көзөмөл» жана «Аймактар» командаларын утуп алды. Мамлекет башчысы министрлерден, маморгандардын жана администрациянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен турган президенттин командасынын курамында ойноп жатат. Эртең, 15-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.