«Мурас» мелдеши старт алды

Бүгүн, 31-май күнү Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде «Мурас» салттуу достук мелдешинин ачылыш аземи өттү.

Өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен өткөн турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров өз сүйлөп, өлкө жашоочуларынын спорт менен машыгууга үндөп, катышуучу командаларга ийгилик каалап өттү. Өлкө башчысы ойногон президенттин командасынан сырткары, турнирге «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар, «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Элчилер» катышууда.

Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде сырткары, «Газпром» дене тарбия жана ден-соолук чындоочу комплексинде орун алууда. Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулууда. Бул турнирдин негизги максаты — өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат. Турнир президенттин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.

Бүгүнкү оюн күн дароо чейрек финалчыларды аныктап, эртең 1-июнда чечүүчү беттештер орун алат.