Мушкер Дмитрий Бивол мурдагы жубайынын айтканы боюнча үн катты

Мушкер Дмитрий Бивол мурдагы жубайы Екатеринанын айтканы боюнча тууралуу билдирүү жасады.

Буга чейин Екатерина Бивол мурдагы күйөөсү алимент төлөбөй жатканын жана атаандашы Артур Бетербиевге бардык жаракаттарын айтып берип, балдары менен Артур Бетербиевге жан тартарын кошумчалаган.

«Екатеринанын жүрүм-туруму акылга сыйбайт. Акыркы айларда жасаган бардык иштери анын аял катары баасын төмөндөттү. Бул маданияттын эң төмөнкү чеги жана анын айтканы буга чейинки ал жөнүндө белгилүү болгон нерселердин баасын кетирди. Ал биздин балдарды курал катары пайдаланып, менин каршылашыма колдоо көрсөтүп, мага жамандык каалап жатат. Дал ушул аял менен көп жыл чогуу жашадык, эми бул адам менен эч кандай мамилем жок. Акыл-эси жайында адамдар анын чыныгы жүзүн түшүнүп, баарын көрүшөт деп үмүттөнөм», — дегенин «Фанат ММА» ютуб каналы жарыялады.