Мьянма-Кыргызстан беттеши качан өтө турганы маалым болду

2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагындагы Мьянма — Кыргызстан беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Маалым болгондой, беттеш улуттук курама команда үчүн пандемияга байланыштуу тыныгуудан кийинки алгачкы оюн болот. Беттеш 30 миң көрүүчү бата турган «Mandalar Thir» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы менен 17:30да башталат.