Мыктыбек Оролбай уулу Матеуш Ребецкиге каршы күрөштө жеңилип калды

Кечээ, 26-октябрда Абу-Даби шаарында UFC 308 турнири өттү. Кыргызстандык спортчу Мыктыбек Оролбай уулу атаандашы польшалык Матеуш Ребецкиге жеңилип калды.

Бүйүр кызыткан беттеште эки спортчу тең жаракат алган. Оролбай уулунун мурду сынып, кармашуунун жарымын шишиген көзү менен өткөрдү. Калыстар жеңишти көпчүлүк добуш менен Ребецкиге ыйгарган.