Бүгүн, 20-апрелде Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасына жолдомо жеңди.
- Жарым финалда Жуманазарова өзбекстандык Набира Эсенбаева менен күч сынашып, 7:2 эсеби менен жеңишке жетти.
Социалдык тармактарга Айсулуу Тыныбекованын Жуманазарованы кучактап, бетинен өөп куттуктап жаткан видео жарыяланды. Анда «сага ишенебиз, медаль алышың керек, кыз күчтүү» деп жатканын көрүүгө болот.