«Нефтчи» спорт комплекси толук оңдоп-түзөлүп, ачылыш аземи өттү

Кечээ, 28-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында орун алган жана толугу менен реконструкцияланган «Нефтчи» спорт комплексинин ачылышы өттү.
Ага президент Садыр Жапаров, Жалал-Абад облусунун жана Кочкор-Ата шаарынын жетекчилиги, КФБ башкы катчысы Медербек Сыдыков катышышты.

Спорт комплекси «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадион Премьер-лигада ойногон «Нефтчи» футболдук клубунун үй аренасы болуп саналат. Ошондой эле, спорт комплексте 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары «Нефтчинин» ар кандай курактагы үч балдар командасы бар, алар республиканын футбол чемпионатына үзгүлтүксүз катышып турат. Спорттук арена 1962-жылы курулган, жана бул стадион эл аралык талаптарга жооп бербей калган эле. Стадиондун газону толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, табигый боюнча калды. Газонду төшөөдө колдонулган атайын технологиялар анын туруктуулугун жана ар кандай аба-ырайынын шарттарына чыдамдуулугун камсыз кылат. Ошондой эле VIP-трибунаны, командалардын жана оюндун калыстарынын кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү жаңыртылды. Стадиондо VAR-системамын колдонуу үчүн бардык шарттар каралды. Мындан тышкары, стадиондо автоматтык сугаруу системасы орнотулган, бул газонду үзгүлтүксүз суу менен тейлөөнү камсыздайт, ал эми жаңы жарыктандыруучу мачталар оюндарды кечинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул иш-чараларды уюштуруу жана жаңы көрүүчүлөрдүн санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Президент өз сөзүндө эл аралык стандарттагы футбол талаасында машыгуусун уланткан «Нефтчи» жаңы бийиктиктерге жетерине ишенимин билдирип, спортчуларга ийгилик каалады.