Ноокатта күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү

9-май — Улуу Жеңиш майрамынын 77 жылдыгына карата Ош облусунун Ноокат районунда күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Спорттук иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан балбандар чакырылып, жалпысынан 500гө чукул балбан күч сынашты. Байгеге 3 унаа, акчалай сыйлыктар коюлду.

Сүрөт: Zafer Dincer