Нооруз-2023: Көк бөрү оюну боюнча бешинчи күндүн жыйынтыгы

Бишкек шаарынын «Аккула» ат майданында «Нооруз-2023» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин бешинчи күнү жыйынтыкталды.
Оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.
Бешинчи күндүн жыйынтыгы:
«Кетмен-төбө» жана «Ак-Суу» 4:1;
«Кара-Балта» жана «Талас шаары» 3:2;
«Ынтымак» жана «Мурас» 8:4;
«Көк-Жал» жана «Сокулук» 8:4;
«Жаштык» жана «Жети-аке» 5:0 ;
«Намыс» жана «Ысык-Ата» 6:1.

13-март күнү көк бөрү оюну боюнча Нооруз майрамына карата республикалык мелдештер башталган болчу.