Нооруз турнири: Көк бөрү күйөрмандары үчүн ипподромго автобустар каттайт

21-март Нооруз майрамынын урматына Бишкек мэриясы шаардыктардын ыңгайлуулугу жана көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн транспорт уюштурат.

Майрам күнү келечекте ипподром курула турчу аянттын ордунда көк бөрү боюнча финалдык беттештер өтөт. «РИОМ Авто» унаа базарынын аймагында жол тыгынын болтурбоо максатында автоунаалар үчүн 1500 орундуу унаа токтотуучу жай уюштурулат. Токтотуу акысы 30 сомдон. Төлөмдү Mbank тиркемеси менен же терминал аркылуу төлөсөңүз болот. Аренага коомдук транспорт менен жете аласыз («Shuttle Bus»). Жол кире шаардын баасында – Тулпар картасы менен 17 сомдон, накталай болсо 20 сомдон.

Сиз транспортуңузду таштап, аренага чейин автобус менен барасыз. Кайтып келе жатканда дагы коомдук транспорт баштапкы аялдамага алып келет.