Нооруз турнири: «Ынтымак» «Сары-Өзөндү» жеңип, финалга чыкты

Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Бүгүн, 19-мартта «Ынтымак» «Сары-Өзөндү» 5:1 эсебинде жеңип, финалга чыкты.