Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия алды. Японияда өтө турган оюндарда ал 5000 метр аралыкка ат салышат. Алдын ала жарыш 3-августта, ал эми финалдык беттеш 6-августта болот.

Бул Кыргызстан үчүн 18-лицензия болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов жолдомо алган.