10-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан Нурзат Нуртаева 3-орунду ээлеп, коло медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Нурзат Нуртаева 72 кг чейинки салмакта күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңген. Жарым финалдык баскычта кытайлык Жиа Лонгго 0:11 эсебинде жеңилип калган. Коло медаль үчүн күрөштө монголиялык Эрдене Очирди менен 2:0 эсебинде артта калтырды.