Нурзат Нуртаева Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кыргызстандык балбан кыз Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда күрөшүн 1/8 финалдан баштап, эсеп 3:3 болгондо упайдын сапаты боюнча төрт жолку Азия чемпионун жана дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку байге ээси казакстандык Жамиля Бакбергенованы утуп алды.

Чейрек финалда Нурзат америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңди. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта 6:11 эсеби менен алдыда баратып, туше менен учурдагы Европа чемпиону, украиналык Алла Белинскаяга утулуп калды. Ал эми чечүүчү кармашта, үчүнчү орун үчүн, кыргызстандык балбан Европанын үч жолку байге ээси франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.

Муну менен Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло байге уткан кыз-келиндер күрөшүндөгү үчүнчү кыргызстандык болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы, Айпери Медет кызы 2021-жылы коло медалга ээ болгон.