Кыргызстандык спортчу кыз Нурзат Нуртаева Сербияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңди.
Ал 72 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгач кыргызстандык спортчу алгач Германиянын балбаны менен беттешип жеңишке жетти, андан соң чейрек финалда орусиялык атаандашын жеңил алды.
Жарым финалда болсо Япониянын өкүлүн жеңди. Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште Нуртаеванын атаандашы 2024-жылдагы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону болгон — АКШнын балбаны болду. Ошентип Нурзат Нуртаева 1-орунду ээлеп, дүйнө чемпиону аталды.