2-9-май күндөрү Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында улуттук спорттун ат чабыш, көк бөрү, эр эңиш жана салбуурун боюнча республикалык мелдеш өткөрүлүп, ошол мелдеште Ош облусунун командалары алдыңкы, байгелүү орундарды алганы үчүн сыйлоо аземи болуп өттү.
Бул сыйлоо аземине көк бөрү боюнча жогорку лиганын чемпиону аталган Ош облусунун “Достук” командасы, I лигада вице-чемпион аталган Өзгөн районунун “Өзгөн ынтымагы” командасы, II лигада чемпион аталган Кара-Кулжа районунун командасы жана кунан чабыш боюнча чемпион аталган чабандестер, андан сырткары спорт жаатына көнүл бурган жетекчилер катышты.
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев куттуктоо сөзүн айтып, Ардак грамота, Ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ал өкүлчүлүктүн демилгеси менен 2023-жыл ичинде Ош облустук Төлөйкөн ат майданы өкмөттүн каржылоосу менен реконструкцияланып, 31-августта улуттук ат спорт оюндарынын өткөрүлүүсүнө колдонууга берилерин айтты.