Олимпиада-2024: Кыргызстандын курама командасы параддан өттү

Париждеги Олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын курама командасы Сена дарыясында кайык менен параддан өттү. Мамлекеттик тууну Эрлан Шеров жана Елизавета Печерских көтөрүп чыгышты.