Олимпиада: Айаал Лазарев алгачкы беттешинде жеңилип калды

125kg FS - Aiaal Lazarev (KGZ)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев биринчи беттешинде жеңилип калды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. 1/8 финалдык беттеште Лазарев Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келип, ага 0:5 эсебинде жеңилип калды.

Ирандын балбаны финалга чыкса, анда Лазарев 10-августта коло медаль үчүн мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.