Олимпиада: Айаал Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу беттешке катышат

125kg FS - Aiaal Lazarev (KGZ)

Кыргызстандык Айаал Лазарев Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн жубатуучу турнирине катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жалпысынан 16 спортчу катышкан.

Ал 9-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган ирандык спортчудан утулуп калган.

Финалга Ирандын спортчусу чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды. 10-августта ал канадалык Амарвир Дхеси менен беттешет.