Олимпиада: Айпери Медет кызы финалга чыга албай калды

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалында атаандашынан жеңилип калды.

Спортчу 76 килограммга чейинки салмак категориясында катышууда. Биринчи беттешинде кытайлык балбан Вэнь Юань менен кездешип 5:3 эсебинде женип, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда индиялык Ретика Ретиканы 1:1 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда АКШдан барган спортчуга жеңилип калды.