Олимпиада: Акжол Махмудов жубатуучу беттешин утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Акжол Махмудов Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн мелдешке чыгып, алгачкы атаандашын жеңди.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 16 спортчу катышууда. Ал өз оюнун 6-августта 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда америкалык спортчу Камала Бэйди жеңген. Бирок чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге утулуп калган. 

Казакстандын спортчусу жарым финалда азербайжандык атаандашын жеңип, Махмудов коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал колумбиялык Алексис Муньоза менен беттешип, аны 9:0 эсебинде жеңип алды. Эми ал бүгүн түнү коло медаль үчүн беттеш өткөрөт. Анын атаандашы азербайжандык Санан Сулейманов болот.