Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн беттеште жеңилип калды

Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиадада коло медаль үчүн беттешип, жеңилип калды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган. Кыргызстандык биринчи беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен кез келди. Алмаз уулу андан 2:12 эсебинде утулуп калган.

Америкалык спортчу финалга чыгып, Алмаз уулуна жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берген. Кыргызстандык коло медаль үчүн өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен беттешип, жеңилип калды.