Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу коло үчүн жубатуучу беттешке катышат

Кыргызстандык Бекзат Алмаз уулу Парижде өтүп жаткан Олимпиадада коло медаль үчүн жубатуучу беттешке катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Кыргызстандык биринчи беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Ли менен кез келди. Алмаз уулу 2:12 эсебинде утулуп калды.

Америкалык спортчу финалга чыгып, Алмаз уулуна жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берди.