Олимпиада: Бишкекте бардык спортчуларга акчалай сыйлык жана унаа тапшырылды

Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына, байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана ар бирине унаа берилди. 

Сыйлык тапшыруу аземи 13-августта Эски аянтта өттү. Кыргызстандын курама командасына 16 спортчу кирсе, анын ичинен 6 спортчу — 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту.

Күмүш медаль ээлери:

Мээрим Жуманазарова, кыз-келиндер күрөшү – 10 миллион сом жана унаа;

Мунарбек Сейитбек уулу, бокс – 10 миллион сом жана унаа;

Коло ээлери:

Жоламан Шаршенбеков, грек-рим күрөшү – 7 миллион сом жана унаа;

Үзүр Жузупбеков, грек-рим күрөшү – 7 миллион ​​сом жана унаа;

Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү – 7 миллион сом жана унаа;

Айсулуу Тыныбекова, кыз-келиндер күрөшү – 7 миллион ​​сом жана унаа.

Катышуучулар:

Кубанычбек уулу Айбек — 500 миң сом жана унаа,

Елизавета Печерских — 500 миң сом жана унаа,

Денис Петрашов — 500 миң сом жана унаа, —

Эрлан Шеров — 500 миң сом жана унаа,

Эрназар Акматалиев — 500 миң сом жана унаа,

Айаал Лазарев — 1 миллион сом жана унаа,

Бекзат Алмаз уулу — 1 миллион сом жана унаа,

Амантур Исмаилов — 1 миллион сом жана унаа,

Айпери Медет кызы — 1 миллион сом жана унаа,

Сардана Трофимова — 1 миллион сом жана унаа.