Олимпиада: бүгүн эки спортчу күч сынашат

11-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандан эки спортчу күч сынашат.

Айпери Медет кызы эркин күрөш боюнча турнирде коло медаль үчүн күрөшөт.

Ал эми Сардана Трофимова марафонго катышат.

Марафон Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат. Ал эми Айпери Медет кызынын атаандашы азырынча аныктала элек.