Олимпиада: бүгүн килемге Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков чыгат

Бүгүн, 7-августта кыргызстандык 3 спортчу килемге чыгат. Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбеков коло байге үчүн көңүл жубатуучу беттеш өткөрүшсө, Амантур Исмаилов өзүнүн салмагында биринчи беттешин баштайт.

Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

15:00 коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештер:
Акжол Махмудов — Алексис Муньоз (Колумбия)
Үзүр Жузупбеков — Джозеф Патрик Рау (АКШ)

15:30 алдын ала кармаштар:
1/8 финал Амантур Исмаилов — Рамаз Зоидзе (Грузия)