Олимпиада. Денис Петрашов сууда сүзүүдө 27-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок

Бүгүн, 24-июлда кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метрге сүзүү боюнча мелдешке чыкты.

Жалпысынан бул дисциплина боюнча 49 спортчу лиценция уткан. Петрашов өзүнүн тобунда 3-орунда келген. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,23 секунд. Ушул аралыктын акыркы протоколунда кыргызстандык 27-орунду ээлеп, бирок жарым финалга чыга алган жок. Эң жакшы убакыт көрсөткөн 16 спортчу жарым финалга өттү. 

26-июлда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка чыгат.