Олимпиада: Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашынан 0:11 эсебинде утулуп калды

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Эрназар Акматалиев алгачкы беттешинде жеңилип калды.

Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Биринчи беттеште Акматалиев азыркы дүйнөнүн чемпиону венгриялык Исмаил Масукаев менен кез келди. Жолугушуу венгрлердин 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңиши менен аяктады. Масукаев финалга чыкса, Акматалиев коло медаль үчүн кайталоо турнирине чыгууга мүмкүнчүлүк алат.