Олимпиада: Үзүр Жузупбеков жубатуучу беттешин утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Үзүр Жузупбеков Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 97 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Ал 1/8 финалдык баскычтан баштап, Литвадан келген спортчуну жеңип, кийинки раундда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калды.

Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Габрды жеңип, Жузупбековго 3-орун үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк берди.

Жузупбеков АКШдан келген Жозеф Патрик Рауну 9:4 эсебинде утуп алды. Коло медаль үчүн күрөштө кыргызстандык египеттик Мохамед Габр менен кез келет.