Олимпиадада алгачкы атаандашын жеңген Мунарбек Сейитбек уулу: «Кыргызстанга жеңиш алып барам деген үмүттөбүз»

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиададагы алгачкы атаандашын жеңди.

Кыргызстандык спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында өзүнүн Олимпиададагы беттешин 1/8 финалдан баштады. Ал алгачкы атаандашы болгон кубалык боксчуну жеңип алды. Үч раунддан турган беттештин жыйынтыгы боюнча калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга беришти.

Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда америкалык спортчу менен кез келет. 1/4 финалдык беттеш 4-августка караган түнү өтөт.

Беттештен кийин: «Кудайдын буйругу менен бул беттешти жеңдим. Кийинки беттештерди жеңип, Кыргызстанга жеңиш алып барабыз деген үмүттөбүз», — деди ал.