Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт

Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин курама команданын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыга турган болду. Бул маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Буга чейин Олимпиада оюндарына бара турган кыргыз спортчуларынын капитаны болуп грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков тандалган. Ал министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун колунан Кыргызстандын желегин өткөрүп алган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчулар Токиодо салтанаттуу ачылыш аземден баштап, Олимпиаданы расмий жабуу аземине чейин кала алышпайт. Спортчулар мелдешке аз калганда гана барып, беттештери жыйынтыкталгандан кийин дароо өз өлкөсүнө учуп кетиши керек.