Олимпиадада Мунарбек Сейитбек уулун куттуктаган өзбекстандыктардын видеосу

Социалдык тармактарда Париждеги Олимпиада оюндарынын финалына чыккан боксчу Мунарбек Сейитбек уулун коңшу өзбекстандыктардын куттуктап жаткан видеосу тарады.

Видеодон көргөндөй, алар Мунарбекти кучактап куттукташкан.

Мунарбек Сейитбек уулу 11-августка караган түнү финалда өзбекстандык Абдумалик Холоков менен беттешет. Интернет колдонуучулардын көбү «эми биздин секундант ким болот?» деп суроо салышууда.