Олимпиадага катышкан спортчуларды аэропортто кандай тосуп алышты? (сүрөттөр)

Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын олимпиадалык курама командасы “Манас” эл аралык аэропортуна учуп келди.

Бул жолку оюндар Кыргызстан тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада болуп калды. Тагыраагы командадагы спортчулардын санына карата жеңип алган медалдардын эсеби боюнча Кыргызстан катышкан мамлекеттердин рейтингинде биринчи орунду ээледи. Команданын курамында өлкө намысын коргогон, эл аралык аренада эң жогорку спорттук чеберчиликти жана эрдикти көрсөткөн 16 спортчу болду.

Аэропорттон спортчуларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов салтанаттуу тосуп алышты. Ошондой эле концерттик программа тартууланды.

Парижде өткөрүлгөн жайкы Олимпиада оюндарында олимпиадалык курама командасы өз оюнун 6 медаль менен жыйынтыктады: 2 күмүш медалды бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу жана кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча турнирде Мээрим Жуманазарова алса, ал эми 4 коло медалды балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков тагынышты.